Жалпыадамзаттык чындыкты Кабарлоо
Өлбөс өмүргө чакыруу

БҮТКҮЛ ДҮЙНӨНҮН КАЛАЙЫК КАЛКЫНА, МАМЛЕКЕТТЕРИ МЕНЕН УЛУТ-УРУКТАРЫНА ЫЙЫК-ШАЙЫК ПАЙГАМБАРЛАРДЫН КУДАЙЫНАН, ЖАМАН (СУУК), ЖАКШЫ КАБАР ЖЕ АТКАН ОК МЕНЕН ЖИТКЕН ОК1) ЖАНА ШАЙТАН МЕНЕН АНЫН ШАЙТААНИ КИШИЛЕРИ КАНДАЙЧА «БҮТТҮ» БОЛОТ.

1890г.

ЭПИГРАФ.

«Чыгыштан келет, Түндүктөн ойготом, ал бүткүл дүйнөнүн калайык калкына МЕНИН АТЫМЫ жана Жалпыадамзаты Акыйкатын жарыя кылат: МЕН келгенде баарын (бирин койбой), кырып, кызыл кереге кылып, чаап салбас үчүн2).

1 Түбүң түшкүр (кыргызча айтканда) Шайтандын түбү жок, кыйтыр илиминдеги эң орчундуу сырларын житкен окту, аткан ок тапкандай табуу, ачуу деген мааниде. Асмандан Түшкөн Китеп: 2-24; 13-8.
2 Ис. 41-25, 26; 42-6...1; Мал. 4-5, 6;

Ким, Бүткүл дүйнөлүк бир-тууган, боордош бир динден башка бѳлѳк-салак диндерге бөлүп-жаруу үчүн жана ошондой эле Асмандан Түшкөн Китептеги3) МЕНИН буйруктарымды аткартпас үчүн болгон укмуштай улуу кысымчылыктарга жана тозоку кыйтыр айла-амалга туруштук кылса (каршы турса), МЕН ал кишиге КУДАЙ болом, ал МАГА уул болот, жана ӨЗҮМ менен кошо МЕНИН4) падыша тагыма отургузам» - дейт Ыйык Пайгамбарлардын КУДАЙЫ ЕГОВА5).

3 б.а. «Апокалипсистеги».
4 Асмандан Түшкөн Китеп: 21-6, 7; 3-21;
5 Ааламга күбөлүк-түбөлүк-керемет жана адамды өлүмдөн сактаган АНЫН БУЛ ЫСМЫ биринчи жолу Муса Пайгамбарга (Моисей) гана ачылган-айтылган: 2М-6-2, 3; 15-3; ОС. 12-6; ИОИЛ. 3-5;

I.

Iудей: Эң анык -акыйкат дин - биздин Иудейлердин гана дини6).

Бүткүлдүйнөгө Жарык (нур): Мүмкүн, силердикин анык-акыйкат дин десе жарашат, эмне дегенде, Иудейлер ЕГОВАГА каршы болуп эле келатышат, болуп эле келатышат, Египеттен чыккан түндөн баштап, ушул күнгө чейин АНЫН аларга жиберген пайгамбарларын7) (элчилерин) өлтүрүп эле келатышат, өлтүрүп эле келатышат, ал эмес, ЕГОВАНЫН ӨЗҮН8) да, 4000 жылдын жүрүшүндө көптөгөн тозоку-адамгерчиликсиз секталарга9) бөлүнүп-чачылышты, жана өлүп баратсаңар да Шайтандан (Сатана) калгыңар, ЕГОВАГА кайтып баргыңар жок, келгиңер жок, илгери эле Христос туулганга (до Р.Х.), 700 жыл калганда АГА кайтып келишкен, анан аларды ЕГОВА шайтаани окуулардан (талмудов сатанинских), жана христианчылык-мылыктан тышкары алыс болсун үчүн Арсаретке жашырып, катып койгон силердин калган 10 тукумуңарга (урууңар) же израилдиктерге окшоп, кайтып келе турган кейпиңер жок. См. 3(4) Ездр. 13-40...48; Зах. 1-3; Ис. 65-2; 6-9; 10; 48-4; 65-6; Иез. 2-2...6; 3-26, 27; Асмандан Түшкөн Китеп; 2-9; 3-9; Мат. 23-33; 3-7;

6 10дун ичинен кайсынысы?
7 Так айтканда, Ыйык-Шайык Пайгамбарлардын бирин койбой баарын. Мат. 23-31...38.
8 «Ачылган Сыр» («Открытие Тайн») деген китептеги IV сырды тап, оку жана Зах. 12-9...14. «Еврейлер качан найза менен кадалган (Меня на иврите пронзенного) МЕНИ көрүшкөндө, илгери Магеддей өрөөнүндөгү Гадад-Римондо кандай аза тутушса, ар бир уруусунда өз-өзүнчө, так ошондой аза тутушат».
9 Чындык (истина) бир, а жалган миң. Же туура эмеспи?

II.

Христiанин. Бир гана Христиан динин10) анык-акыйкат дин десек болот.

Бүткүлдүйнөгө Жарык (нур): Мүмкүн, десе болот, эмне дегенде, балык башынан сасыйт, Христиан дини башталганда эле Апостолдордун11) ич-ара ырк келишпестигинен (ыйкы-тыйкысынан) башталган жана ошол жеңил ой апостолдордун кесепетинен (с легкой руки апостолов) христиандар ар башка, ар кошкон, бири-бирине тозооку-карама-каршы секталарга бөлүнүшүп (алардын саны азыр 666), анан бири экинчиси менен нукушуп, чукушуп, укмуштай адамчылыгы жок кылмыштар менен бири-бирин куугунтуктоо башталганы, 1860 жылдын жүрүшүндө миллион-миллион христиандарды христиандар (өздөрүн өздөрү) тирүүлөй отко өрттөп, кырып-кыйнап өлтүргөнү баарыбызга (биздерге да, сиздерге да) маалым, көзүңөр көрүп, азыр дале ошол. А ушундан улам эң оңой (жөнөкөй) жыйынтыкка келсеңиз болот, силер, христианчылык менен иудейчиликтин анык-акыйкат дин экендигин далилдеген (айкындаган) эң зор белгиси катары, христиан жана иудей секталарынын дээрлик баардыгы ЕГОВАГА же Исус Христоско тикесинен тик туруп каршы болгонун эсептейсиңер жана өлүп баратсаңар да (таптакыр) АНЫН Асмандан Түшкөн Китебиндеги буйруктарын аткарбагандары мындай турсун, Китептеги: 1-1, 3; 22-6, 7,9, 17; 21-8, 27; 22-11, 15; жана Мат. 25-31...46 - АЛАРГА түздөн-түз айтылган сөздөрүнө ишенишпейт, ушул себептен силер анан көрбөйсүңөр12) ушундай беш кошкон жана макоопес, тозооку христиандар менен адамгерчиликсиз, иудейлердин жардамы менен Шайтан (Сатана) азыр жалпы адамзатын баш айланткан бет ажал жок болууга (туңгуюкка) каптады. (превратил и все человечество в погибельное мракобесие). Асмандан Түшкөн Китеп: 12-12; 13-8, 11...15; 17-2...6; 18-3, 23,24; 19-2; 2 Тим. 3-1...13; Ис. 60-2,3; Иуд. 1-19; Мат. 6-24; Рим. 8-8, 5.

10 666-нын ичинен кайсынысы?
11 Гал. 2-11...14; Деян. 21-20...26; 11-3; жана көптөгөн христиандар Ап.Павел менен ажырашып Ап.Иоан менен анын окуучусу Поликарпты ээрчип кетишкен, анан ушул ажыраштын кесепетинен субботниктердин сектасы пайда болгон; анан бул суббота менен пасханы иудейлердей майрамдаган христиандарды папа Виктор, Ап. Иоан менен Поликарпка кошулуп (үчөөлөп) каргашкан, а мындан тышкары Ап.Петр ЕГОВАНЫН буйругун бузуп, тилуурудинууруларга (язычникам) барып, алардын оокатын ичип, өзүн булгаган. Мат. 10-5; 15-24; 1-21; ЗМ. 11-44, 45; Деян. 11-3; жана дагы ар кандай шылтоолор менен ЕГОВАНЫН Синай законун бузушкан (бул айтылгандарга карама-каршы): Мат. 5-17, 18; Лук. 16-17;
12 Асмандан Түшкөн Китеп; 3-17, 18; Ис. 6-9, 10; 48-4;

III.

Иудей менен христианин: А ЕГОВА буга эмне дейт?
Бүткүлдүйнөгө Жарык (нур): Мындай дейт: «Эми Мен баарын жаңы жасайм, тагыраак айтканда: Иудейлер менен Христиандарды МЕНИН13) жеткен карамүртөз душмандарым катары, жер менен жексен кылам (каргыш кылам)14), жана алардын ордуна өзүмө жаңы адамдарды (новых рабов) чогултам жана аларга жаңы ат коем; Еговисттер деп атайм, Шайтанды болсо терең орого (зынданга) салып, чынжырлап, терең орго (зынданга) салам15), а МАГА каршылык кылган шайтаанилерди (сатанистов) жана бүт жалгандын оту менен кирип, күлү менен чыккандарды (всех любящих и исполняющих лож)16) кызыл кереге кылам (чаап жок кылам)17), (истреблю страшными казнями), бул жер планетасына жаңы түр берем18) (жаңылайм), тынч, бейпил турмуш орнотом да ӨЗҮМДҮН жаңы кишилерим (момундарым, кулдарым) менен 1000 жылга падышачылык кылам. Асмандан Түшкөн Китеп: 20-4; 5-9, 10; жана ошондой эле «Өлбөс өмүргө чакырык-кыйкырык» деген китепчедеги: I-II-III бөлүмдөрүн оку, кара, тап.

13 Наум. 1-2;
14 Ис. 65-15, 17; 62-2; Мат. 25-41; К.С. 21-8; 22-15; 3-16.
15 (в А...iu) Асмандан Түшкөн Китеп 20-2,3;
16 Асмандан Түшкөн Китеп 22-15; 21-8; 2-9; 3-9;
17 Ошондой эле асмандан отжамгыр түшөт. Иез. 39-6. Асмандан Түшкөн Китеп. 18-8; 17-16; 11-18; 2-22, 23; 19-20,21; 16-9...11; 14-10.
18 Жер титирөөнүн жардамы менен Америка океанга чөгөт (гүмжам болот); жана...

IV.

Иудей менен христианин: Биз анда азыркы учурда, бул көзүнө көрүнүп калган (ажалы) дүйнөнүн азгырык-ызгырыктуу (катаал) сыноо жылында (мезгилинде) же б.а. бул бүткүл дүйнөлүк Шайтаани каргашалуу кара түндө (в это время всемирного мракобесия) кандай динди кабыл алышыбыз керек? Асмандан Түшкөн Китеп: 3-10, 11; 2Тим. 3-1...13;

Бүткүлдүйнөгө Жарык (нур): Ай, ай! Жер жүзүнүн бүт уруктары, кандай улуу (катуу) тундуңар, КУДАЙДЫН ушул ачык-айкын айткан сөздөрүнөн кийин да укканыңар жок, көргөнүңөр жок (көзүңөр көр, кулагыңар дүлѳй), азыр адамга эч кандай, (эч бир) диндин пайдасы жок (бесполезна)!

Иудей менен христианин: анда адамга эмне пайдалуу?

Бүткүлдүйнөгө Жарык (нур): Өлбөс өмүр (Бессмертие): эмне дегенде, ушул айтайын десең сөз жетпеген, карайын десең көз жетпеген ааламдагы (в бесконечном пространстве), санайын десең сан жетпеген күндөр менен планеталар жана кометаларда да өлбөс өмүрдөн артык-асыл эч нерсе жок.

Иудей менен христианин: Туура, сөз жок! Анан биз канткенде өлбөс адам боло алабыз?

Бүткүлдүйнөгө Жарык (нур): Мына, «Бардык адамдарды өлбөс өмүргө чакырган чакырык-кыйкырык» деген КУДАЙДЫН Китепчесин окугула.

Иудей менен христианин: Экөө чын жүрөктөн: «Рахмат сизге, Бүткүлдүйнөгө Кудайдын жиберген Жарыгы (Нуру), биздин көзүбүздү ачканыңызга!» дешип бутуна жыгылышты.

Бүткүлдүйнөгө Жарык (нур): Адамзааты туугандар! Мунуңар жарашпайт, өөдө болгула! Көрбөй турасыңарбы, мен деле силердей бир пенде экендигимди?.. Өлбөсөмүргө жакындаганыңар үчүн Өлбөсөмүрдүн Кудайы ЕГОВАНЫН ӨЗҮНӨ же Исус Христоско рахмат айткыла, бутуна жыгылгыла, а мага эмес!

V.
ӨЗҮНҮН ЭҢ ЧОҢ ДУШМАНЫНА ЕГОВАНЫН БУЙРУГУ ЖЕ ФРАНКФУРТ ШААРЫНДА ЖАШАГАН (ГЕРМАНИЯ) БҮТКҮЛИУДЕЙЛЕРДИН РАББИНИ РОТШИЛЬДКЕ.

Өтү дагы, жөтү дагы бриллиант (осыпаный бриллиантами), түбү жок Шайтаани (илиминин)19) тозооку-кыйтыр талмудчулу, бирөө дагы өлбөсөмүрлүү болбосун деп, өлүмдү ойлоп чыгарган илимпоздун 4000 миң жылдык талмуду менен еврейлерди өлүмгө байлаган20);

19 Асмандан Түшкөн Китеп. 2-24, 9; 3-9.
20 Ис. 28-15; 59-3;

Ыйык-Шайык Пайгамбарлардын Кудайы21), иудейлердин колунан өлгөн, ЕГОВА мен аркылуу сага мындай буйрук кылат, колуңа ал, АНЫН бул Улуу Кабарын бүткүл тилдерге22) которуу маселесин, анан жөнөт, төгөрөктүн төрт бурчунда жашаган чоң шаарлардагы иудейлерге, ЕГОВАНЫН буйругун кошо билдир; сүйүнүшсүн алар колу асманга жеткендей, жанын-канын аябай, коркпой, таратышсын бул улуу жакшы Кабарды бүткүл христиандарга жана аларга окшоп, Шайтанга да, Кудайга да23) кызмат кылышкандарга, эмне дегенде, жаамы журтка өлүмдөн кутулуу (спасение всем) иудейлер24) аркылуу жүрөт (болот). Ошондой эле сенин эсиңде болсун, эгерде сен, ЕГОВА менен Шайтандын бул акыркы күрөшүндө ЕГОВАНЫН ушул буйругун аткарсаң, АЛ сени өлбөсөмүрлүү гана эмес, балбылдаган, нур чачкан асман жылдызындай25) кылат; эгерде, Шайтандын артын жаласаң, өлдүң, түбөлүктөн-түбөлүккө каргышка калдың дей бер, дафан-ов, авирон-ов, саул-ов, давыд-ов, ахав-ов, ирод-овчулар сыяктуу жана Ыйык-Шайык Пайгамбарлар менен апостолдорду куугунтуктагандар сыяктуу, же, Кудайга да, Шайтанга да (Богу и Гогу)26) жагынгандар сыяктуу.

21 Асмандан Түшкөн Китеп 22-6. Иер. 7-25.
22 Же, болбоду дегенде 143 тилге.
23 Себеп дегенде, ар кошкон диндин кайсынысын алба, баарынын негизи-эгизи бир: КУДАЙГА да жагынышат, Шайтанга да жагынышат.
24 Иоан. 4-22; Ис. 56-6,7;
25 Дан. 12-3;
26 Мат. 6-24; Рим. 8-8,5;

VI.

УРА, АЛЛИЛУИЯ! САГА, ТҮБӨЛҮК-ӨЛБӨС АДАМ ЕГОВА, өлгөндү тирилткен (жан салган), СЕНИН мындай шайтаани диндерди ташын талкан кылганың үчүн, Кудайга да, Шайтанга да жагынышкан: мылтык (пушка), штык менен, созолонгон-озолонгон ширин обондору менен, эскимоода, жаңымоода, ырым-жырымдары жана бажоо кийимдери менен, СЕНИН бир туугандык жана сүйүү жөнүндөгү осуятыңды бузушканы менен, баш көздүк жана ач көздүк менен (духовным и брюховным вельможеством), же б.а. эзүүчүлүк, үстөмдүк жана байлык-бийлик менен, ар кандай жаннатка (бейишке)27) жанды айдап киргизмей бир сомдук, миң сомдук ырым-жырым оюндары (панихида), индулгенциялары28) менен, аза-газа туткандары, жылбай бир жерде отургандары жана чалкасынан же оңкосунан ташка (катуу жерге) жаткандары, жадыбалдай жаттаган намаздарын29) эрикпей-зерикпей жалдырашып-балдырашканы, мечит-мектептерди жана жалапканаларды кургандыгы, курмандыкка төө сойгонду, сайрандаганды-майрамдаганды жана орозо тутканды жакшы көргөндүгү жана алар мындай турсун, такта менен өлүккө (доскопоклонством и здохломольством)30) жыгылып (сыйынып), жана алтын аяктан котонжаранын (сифилиса) суусун ууртаганы да менен! Асмандан Түшкөн Китеп: 17-4.

27 Атканага ат айдагандай, бейишке жан айдаган...
28 Шермендечиликти жана мыкаачылыкты энесин кечиргендей кечирген.
29 Мисалы: 40тан кырк жолу «Кудай өзүң кечир!» деп кобуроо.
30 Асмандан Түшкөн Китеп 9-20, 21;

VII.

Уктуңарбы, бардык падышалар (президенттер), улуу төрөлөр (вельможи), байлар, 3-Римдин ата-папалары, патриархтар, далайламалар, брам-шрамдар (брамы), Шейх-ул-исламилер, сыйкырчы раббиндер, жана караимдин, Ерусалимдин, оңславный жана солславныйлардын, (православный и левославный), протестанттар менен сбокустанттардын, доникониандар менен дубинопетровскийлердин, окружныйлар менен противоокружныйлардын, коренныйлыктар менен пристяжниктердин, мормондор менен молокандардын, штундиттер менен духоборлордун, подрезанныйлар менен отрезанныйлыктардын - атактуу, улуу динбилермандары? Жок, эч балээни уккан жоксуңар жана укпайсыңар, эмне дегенде, кулакты пахта менен тыккандай Шайтан (Сатана) өзүнүн ар кандай анык-акыйкат диндери, патриоттук (улуттун ыйманын, сыймыгын коргогон), жана пушка-мушка же көртирикчиликтин закондору (Конституциялары) жана чочогуңардын кайгысы (похотью смертной плоти) менен кулагыңарды тыгып, бүтөп салган! Рим. 8-8, 5; Як. 4-4; 1Иоан. 2-15; Асмандан Түшкөн Китеп: 2-20, 9; 3-1, 9, 16, 17, 18; 17-2; 18-3, 23, 24; 9-20, 21; 19-2; 13-8; 11-15. Ис. 1-10...16; 6-9, 10. Иер. 7-22...26; 25-4.

Анда, укпасаңар, укпагыла, Армагеддондо (Кыйаамат Кайымда) угасыңар! Асмандан Түшкөн Китеп: 22-11; 16-16. Аминь.

ЕГОВА жиберген Бүткүлдүйнөгө Жарык (Нур). Илия.