Жалпыадамзаттык чындыкты Кабарлоо
Өлбөс өмүргө чакыруу

ЭЛ КАТТОО ЕГОВАГА
БАРДЫК ШАЙТААНИ ДИНДЕР МЕНЕН ЭЛДЕРДЕН АКЫРКЫ ЭЛ КАТТОО (ЖҮРҮП ЖАТАТ)1).

Гөрпенделер, бардык элдердин, улут-уруктардын жана диндердин гөрпенделери! Өмүрүңөрдө (бала болуп, башыңарга жүн чыгып) эч качан укпаган бул Кабарга кулак салгыла!

Ар бир элде же ар кандай динде бар, илгертен келаткан (алдын ала айтылган) мындай сөз бар, акыр заманда (же Лаодикия мезгилинде) бүт Жер Жүзүн кара (туман) басат жана бардык падышалардын кабагына кар (түн) түшөт, элдерден2) жана улут-уруктардан ырк кетет же тагыраак айтканда: Бүткүлдүйнөлүк Кыйын Кезең жүрөт, же дагы тагыраак айтканда: Жер менен (сууда) деңиздерде3) жашаган адамдардын бардыгынын башына кайгылуу күн түшөт. Мына ошол убакта Ыйык-Шайык Пайгамбарлардын КУДАЙЫ ӨЗ Кабарчысы аркылуу дүйнөнүн бүт калайык Калкына ар бир туура ойлогон адамга беш колдой түшүнүктүү болгон Өзүнүн бир Жаңы Акыйкатын4) жарыя кылат. Ошондон кийин дүйнө элдеринин ичинен көп адамдар өздөрүнүн бөлөк-салак же бир-бирине ыркы келишпеген тозооку-душман диндерин ташташат да бир туугандардай кучак жайып учурашышып жана өбүшүп, Ыйык-Шайык пайгамбарлардын КУДАЙынын бир динине5), Муса (Моисей) пайгамбардан берки Анын АТЫ ЕГОВА на иврите6) - ЕГОВАНЫН бирдиктүү бир динине бириге башташат, - деген сөз бар.

1 Мат. 25-10; Лук.17-34, 37; Рим. 11-25; Асмандан Түшкөн Китеп. (Книга с Неба) 6-11; 13-8,9; 16-15; 17-14. Бул китепти Ыйык-Шайык пайгамбарлардын Кудайы Өзүнүн Периштеси менен Жерге жиберген, грек тилинде «Апокалипсис» деп аталат.
2 Азап күн падышалардын башына да түшөт.
3 Ис. 60-2; Асмандан Түшкөн Китеп. 16-10; 12-12; 3-10; 2-21...23.
4 же Акыйкаттын Нуру.
5 Бу сөздөр: Еф. 4-13; Ис. 56-3...7. Зах. 14-16...21; Мал. 1-11; Мар. 11-7; Асмандан Түшкөн Китеп. 11-2; 15-2...4. - бул көрсөтүлгөн китептердеги сөздөр менен киндиктеш.
6 2 М. 6-1...3; 15-3.орус тилинде - Господъ, грекче - Исус, латынча - Доминусъ, немис тилинде - Герръ, французча - Этернелъ, англис тилинде - Лордъ, Черемис тилинде - Керемет, Зырян тилинде - Енъ, түрк тилинде - Аллах.

Ал эми Асмандан Түшкөн Китептеги7) жазылгандарды (буйруктарды) аткарган адамдар бул Алдын ала айтылгандардан тышкары дагы минтип айтышат: ошондон кийин, Ким, Жалпыадамзаты Динине8) кошулса, ЕГОВА ал адамды Өзүмүн досум9) деп эсептейт, Енох, Илия жана 144000 Жаңыосуяты Еврейлер10) сыяктуу аны да өлбөс өмүрлүү кылат жана ӨЗҮ менен Кошо ӨЗҮнүн падыша Тагына отургузат. Асмандан Түшкөн Китеп. 3-21.

7 Асмандан Түшкөн Китеп. 22-7; 1-3.
8 Же болбосо, Жалпыадамзаты динине.
9 Лук. 12-4. Иоан. 15-15. Як. 2-23.
10 Асмандан Түшкөн Китеп. 14-1...4; 7-4...8.

Мына азыр баарыбыздын көзүбүз көрүп турат, ошол Кыйын Кезең эбак башталды, бардык адамдарды Бирдиктүү Бир динге үндөгөн, окту эритип (тозооку-согуш куралдарын) орок-балка11) жасоого чакырган жана жер жүзүндөгү бардык адамзаты үчүн төөнүн үстүндө торгой жумурткалаган бейкут, тынч, эркин жана КУДАЙдын жаңы осуяты закону12) боюнча жашаган, Кудайчыл - бир туугандык сүйүүгө негизделген 1000 жылдык заманды13) орнотууга чакырган - КУДАЙдын Кабарчысы келди, ошондуктан, ар бир аял, эркек КУДАЙдын Бүткүлдүйнөлүк Ажайыпкабарчысынын төмөндөгү сөздөрүн айрыкча улуу (терең) көңүл койуп угушат деп шексиз ишенебиз: «КУДАЙ жарыя кылды ӨЗҮнүн Асмандан Түшкөн Китеби, Исайи, Апостол Павел аркылуу жана ошондой эле пайгамбарлар: Мухаммед, Конфуций, Заратуштра, Далайлама14) аркылуу да, адамзаты өлө адашып (бүт падышалар, элдер, улут-уруктар)15) ач белде, ара жолдо (же капкараңгы түндө)16) турат, а мунун түп мааниси мындай: бардык тозооку атаандаш же бири-бирине душман болгон, мейли, биркудайлуу 666 христиан дини болобу, 10 иудей 6 ислам дини болобу, - баары Шайтандыкы, ЕГОВАНЫКЫ эмес, булардын баарын Шайтан (Сатана) ойлоп чыгарган, анда, КУДАЙдын бул сөздөрүнө17) адамдарды ишендирбей, бузуп, аркандай элдин дини Акыйкат дин18) деп айткан Шайтандын (Сатана) сөздөрүнө адамдарды ишендирген ким өзү?» Эмесе, ким ЕГОВАНЫН: азыркы диндердин баары Шайтандын (Сатана) гана ичинен ойлоп чыгарганы деген сөздөрүнө чын жүрөктөн ишенсе, ал киши, бир бейкас (жашыруун) жер тап, (же кепеңе кирип, эшигиңди бекем жап)19), анан асманга карап, чөгөлөп-тизелеп жыгыл дагы; үнүңдү ачык-бекем чыгарып, минтип айт: «Асман менен Жерди жасаган-жараткан КУДАЙ!.. Мен СЕНИН бул сөздөрүңө толук ишендим. Эми мен Асмандагы Атам катары СЕНДЕН суранам, мага таап бер, мен өз көзүм менен окуп чыгайын, сенин бул Улуу Кабарчыңдын ажайып Жакшы Кабарын!»20) Аминъ. Анан ушул сөздөрдү намаз кылып, улам кайталап жыгыла бер, КУДАЙ сени угуп, каалаганыңды сөзсүз аткарат.

11 Жер иштеткен куралдарга.
12 Иоан. 13-34, 35; Деян. 2-44-45; 4-32...37; 9-1,11. Асмандан Түшкөн Китеп. 2-2...4; Иоан. 15-12,15; 1 Иоан. 3-10, 15, 16; 2-8, 11; 1Кор.13-1...8; Мат. 5-22; Лук.14-33; (Гал.5-14).
13 Ис.2-4; 11-6...9; 65-25; Мих.4-3. Асмандан Түшкөн Китеп.20-2...10.
14 Еврейлер Далайламаны - Мельхиседек деп аташат. ПС. 109(110)-4; Евр.7-3.
15 Б.а. өлүк дүйнө же Шайтании дүйнө.
16 Ал эми иудейлерди Шайтандын ордосу же Андан баш тартып, болбогон эл деп атайт. Асмандан Түшкөн Китеп. 2-9; 3-9; Ис.59-13; 1-2-4; Иез.2-3; Соф.1-6.
17 Ким болмок эле, баягы түбөлүгү түз эмесин (Израилге) кылганы да. 1Пар 21-1; Лук.4-6,7; 2Кор.4-4; Асмандан Түшкөн Китеп.13-8; 2-13.
18 А иудейлер болсо, Өз Кудайын билишет, Андан эч кайда калышкан (качышкан) жок.
19 Мат.6-6,7.
20 Эгер көркат (сабатсыз) болсоң, «угуз мага» деп айт.

Ким, КУДАЙдын бул сөздөрүнө ишенбей, башка бирөөгө минтип айтса: «Туура эмес, падышалардын, элдердин ичинен адашпагандары бар, мисалы, биздин динибиз чын акыйкаттын дини» - мындай ЕГОВАГА акаарат кылган адам21) тырбалаңдап көрүңдү каза бер. Ей бул чындык! Аминъ!

КУДАЙ ЕГОВА бүткүлдүйнөгө жиберген Шамчырак Илия на иврите Илия.22)

21 Асмандан Түшкөн Китеп. 16-11; 13-6.
22 Ис.41-25,26. 42-6...1. Мал. 4-5,6.

МИТАЙЫМ (КЫЙТЫР) СУРОО

«Кандай дин, сиздин оюңузча баарынан эң жакшы?» Кайсыл бир архимандрит бир жолу ушундай суроо берип калды.

АНЫК ИУДЕЙ

Бардык диндер жакшы, жана бардыгы эчнерсеге жарабайт. Эмне үчүн? Жакшысы бул: Адам КУДАЙДЫН алдында, ар кандай аркандай динден АНЫН чоң сурагында бейишке өтсөңүз болот, ал жалганы бул: ар кандай динден АНЫН алдында тозокко түшсөңүз да болот. Мат. 25-32.

Бул диндердин ичинен эле көрүнүктүүсү - өрүнүктүүсү - алтын жип менен кабылган, акак таш бермет менен жабылган, карга-чилдик оймосу, падыша чепкен бормосу бар, бүт дүйнөнүн элдерин, уруктарын алтын аяктан балит суу ичирип, котон жара жугузган; чушкасынан пушкасы көп, өлө талмудчул жоон курсак поптору менен сопу-жопулары көп - Христиан дини пайдубалы жети баштуу желмогуз23), бүткүл элдерди азгырып-жазгырып, алдап, мас кылып бүттү, Жердин падышаларын өзүнө ойнош кылды, а торгаштары болсо (кайдагы бир жок бейишке жанды ургулап, айдап киргизип жана гөрпенде бир адамдын «касиеттүү» буюмдары жана дамбал, көйнөктөрү менен соода кылышат), дайыма Жер шарынын жакшылары (адамзатын куруттай эзген адам эзгичтери) болушкан. Мына ошондуктан, МЕНИН элим, кач, чыгып кет, мунун ичинен, кылган кылмыштарына катышып калып, анан жазасын кошо тартышып калба, себеп дегенде мунун кылган кылмышы Асманга жетти, КУДАЙ бүт калпын (диний илиминдеги) беш колдой билет. Ошон үчүн бир күнү жазасы башына түшөт: өлүм, ачкачылык, ый жана от менен күйүп жок болот.

23 Асмандан Түшкөн Китеп. 13-1...8,17; 18-2...24 - Жер шарындагы 666 араами ипласчылыктын энеси. Асмандан Түшкөн Китеп. 17-5. А.Т.К. же Апокалипсисъ.

Ушул тозооку-христианчылык-мылыктын мойнунда: пайгамбарлардын төгүлгөн каны, ыйык-шайыктардын төгүлгөн каны жана ошондой эле жер шарындагы бардык бейажал өлгөндөрдүн (өлтүрүлгөндөрдүн) каны да ушунун мойнунда. Ей, бул чыңырган чындык! Аминъ. Асмандан Түшкөн Китеп. 18-2, 3, 8, 23, 24; 19-2,21; 2-20...24

ЕВРЕЙЛЕР ҮЧҮН АНЫК АЛДЫН АЛА АЙТЫЛГӨН СӨЗ

Качан, бүтдүйнөгө үстөмдүк (бийлик) кылган Вавилондун ана-байбичеси, Жер жүзүндөгү араамичилик менен ыпластын энеси - Христиан динин Еврейлердин КУДАЙЫ жети баштуу желмогуз аттан уруп жерге сулаткандан кийин, анан жылаңачтап, кымбат баалуу жасалга-кийимдерин үстүнөн сыйрып: алтын курун, бриллиант топусун, чүпүрөктөрүн, тасмаларын, ордендерин, жылдыздарын, кресттерин, гох-мандрит наамдарын, покко тойгон короздой кейкейген улуулугун жана кызыл ыштандарын, коңгуроо-зоңгуроолору менен кошо, сан жетпеген түбү жок (трансценденталдуу) диний илимин, талмуддары менен философиялык экзегетикаларын (ар түрдүү талкуулар)24) тып-тыйпыл кылып өрттөгөндөн кийин Авраамдын тукумдары, тозооку-запкысынан кутулушат, анан жөп-жөнөкөй ачык көрүшөт: бул шүмшүк тайна25) (өлө жашыруун сыр), баягы эле байыркы шүмшүк катын Езабель экендигин26) христиан дининин кебин кийип, чүмкөнүп27), өлөкыйтырлык мене жашырынып алганын, тилуруулардын жиндилиги, Федуранын жырткычтыгы28) экендигин, талма оорулуу столбняктардын (кырк жыл боюу түркүктүн башына чычып турган Семен-Түркүктүн жолун жолдогондор), Никул, Касьянов жана Саввалардын жөөлүгөндөрү экендигин, бет жуубас (чачтуу эшен) мужуктардын, мандрит-сандриттердин, шыпыргы менен шайтанга минген «чабандестердин» такта-доска-өлүккө сыйынган догматтары, сыйкыр-мыйкырлары экендигин даана көрүшөт. Кыскасы, бул Шайтан акенин (Сатана) жаңы ойлоп тапкан өлө кыйтыр амалы29) Апостолдор жашаган доордон башталгандыгын, - мунун түпкү максаты - адамзаты үчүн түбөлүккө берилген Синай Законун бурмалап-жулмалап, АДАМКУДАЙ менен адамдарды бириктирбес үчүн кылган алдоо амалы экендигин еврейлер ошондон кийин гана ачык-айкын көрүшөт жана билишет. Ей, бул чыңырган чындык! Аминъ.

24 Асмандан Түшкөн Китеп. 17 гл.
25 Асмандан Түшкөн Китеп. 17-5.
26 Апок.2-20.
27 Адамкудай же Исамесиг (демиш болуп).
28 ...таш боордук.
29 Асмандан Түшкөн Китеп. 2-24,13; 13-1...15.

1870 ЖЫЛДЫН ЖҮРҮШҮНДӨГҮ КУДАЙДЫН ТАБЫШМАГЫ, АЗЫР ЧЫҢЫРГАН ЧЫНДЫК

Ак жүрөк окурман! ЕГОВАНЫН ушул Коллурийи (көрүп туруп көрбөгөн дартка дабаа дары) менен көздөрүңү жуу, анан көрөсүң, кандай (кайсыл) христиан (православный) дининде отурат, бул жексур катын, жети баштуу желмогуз минип, алтын менен капталган, акак таш, бермет менен бапталган кымкап падыша чепкен кийип, колуна алтын кесе кармап (алтын аякта толтура арам суу), а пешенесинде: «Тайна» (Жашыруун сыр) деген аты жазылган; Улуу Вавилон, Жер жүзүн баскан (көмгөн) ыплас менен араамичиликтин энеси.

Көрбөйсүңбү, бул жексур Ыйык-Шайыктардын30) канын суудай ичип алып, ылжып мас, анан жүрөгүндө: «Жети баштуу желмогузда менин отурганым отурган, анан мен түбөлүккө падыша болбосом, ким болмок эле, өмүрү жесир калбайм, өлүмү тактан тайбайм» - өзү жөнүндө ушинтип ойлойт31).

30 Тарыхта белгилүү, бул жексур, бир Күндүн ичинде 100 000 иконго (тактага же доскага) сыйынбагандардын башын алган жана Псков менен Новгород шаарында миллиондогон «Такырбаштарды» (стригольники) жеткен мыкаачылык менен (эки бутунан эки азоо аттын куйругуна байлап туруп, айрып) өлтүргөн, ал эми ЕГОВАНЫН канча Ыйык-Шайыктарын кордоп-кыйнаганына эсеп жетпейт.
31 Токсон тозоктун да алы жетпейт.
И такъ,

Эмесе, ким, бул жети баштуу, жети этаждуу жалапкананын попторунан жоп боло элек, жок боло элек болсоң, мушка-пушкаларынын заңгыраганынан, канкорлордун (алдамчылар) менен алкаштардын жанын жаннатка (бейишке) зор салтанат менен сабалап-кубалап киргизген жоон аваз, ширин аваздуу катавасияларынан кулагың тунуп дүлөй боло элек болсоң, анык көрөсүң, азыр ЕГОВА өзүнүн Асмандан Түшкөн Китебиндеги жазып көрсөткөн портрет - 666 тозооку оңславный, солславный, козголоңдуу диндердин (секталардын) энеси - Христиан дининин портрети экендигин, анык көрөсүң да билесиң. А билгенден кийин, ошол каргыш урган канкор катын христиандык Езабелъ, өзүңдүн энең экендигин жана ал бүт балдары менен кайнаган от орого түшөрүн; жүрөгүң титирейт төбө чачың тик турат, анан аны менен болгон мамилеңди кой, тап-такыр үз да, анын ыйык жазууларын бүт өрттө, китептерин (талмуддарын) бүт өрттө жана эрежелерин (уставы) бүт өрттө да ЕГОВАНЫН Пайгамбарларга бир тууган жана Периштелергежолдош Коомуна (Братство) өт, энең (Эзавел) мындай кылганың үчүн кашык каныңды соруп алса да коркпо андан.

ТӨГӨРӨКТҮН ТӨРТ БУРЧУНА ЖАРЫЯ

Эй!
Эй! blank Эй!

Эй!

«Шаа Мүйүз Козу (Агнчий) тоюна келгендердин пешенеси жарык, ыкыбалы бийик!32) Бул Кудайдын төл сөздөрү, а меники эмес!.. Асмандан Түшкөн Китеп. 19-7-9.

32 б.а. чамгарак жыгачка маталып, колу-бутунан мык менен кадалып өлгөн Егованын түбөлүк салтанаттуу майрамына.

Кана эмесе, таштагыла бардык диндерди, алтын менен чиндерди, дүр-дүнүйөнү, туушкан-буушкандарды, ата-журт, жото журттарды, тезирээк келе баштагыла, ушул Ажайып (түбөлүк) Тойго кире баштагыла. Жакында чакырылган меймандардын чектелүү санын каттоо бүтөт, эшиктер жабылат, анан төбөңдө шаадай мүйүзүң бар болсо дагы (падыша болсоң дагы) чириген бай же ыйык-шайык жана асмандан айды алган акылман-сыйкырчы болсоң дагы баары бир, а кишиге өлбөсөмүрдүн эшиги жабык, ачылбайт.

Анын үстүнө түпсүз туңгуйуктан бир азрейил (адамжегич желмогуз) чыгат да эч кимди ылгабай жалпы баарын жеп-жута баштайт-ов. Ей, бул чыңырган чындык! Аминъ. Мат. 25-10...12; Лук. 13-25. Рим. 11-25. Асмандан Түшкөн Китеп. 6-11; 11-7.

ЕГОВАНЫН улуу Баатыры Илия на иврите Илия.